сайкал садыбакасова биография год рождения
Сайкал садыбакасова биография год рождения
№779 6-12-октябрь, 2017-ж.
Гүлшайыр Садыбакасова – бул ысымды укканда көпчүлүгүбүздүн көз алдыбызга тартипти бекем кармаган темир аялдын образы тартылат. Гүлшайыр эже чыгармачылык чыйыр жолун барабан уруудан баштаган. Андан бери канча суулар акты, бирок Гүлшайыр Садыбакасова турмуштун түрдүү сыноолоруна моюн сунбай келет.
– Саламатсызбы, Гүлшайыр эже, «Кыз-Буракты» кызыңыз Сайкалга өткөрүп бергенден кийин өзүңүз филармониянын иштери менен эле алек болуп калдыңыз окшойт?
– Өзүм 17 жылдан бери Ош облустук филармонияны жетектеп келем. Ошто абройлуу концерттик мекеме болгондугуна байланыштуу түштүктөгү саясий, экономикалык, социалдык маанидеги иш-чараларды биздин филармониянын концерттик программасы, аппаратурасы, техникалары менен тейлеп келебиз. Негизги милдетибиз калкты маданий жактан тейлөө, музыка дөөлөттөрүн элге жайылтуу. Ал эми жеке чыгармачылыкта анча-мынча бошогондо ыр, обон жазууну улантып келем. Мындан сырткары эки көркөм тасмага тартылдым.
– Уулуңуз Эркин да ырдап чыкты эле, ал чыгармачылыгын улантабы?
– Эркин быйыл 10-класста окуп жатат. Өзүнчө ырдап, талантын таптап жүргөн экен, Сайкалдын концертинде ырдап чыкты. Анын шоу-бизнесте болушун каалабайм. Келечекте мыкты программист болгусу келет. Азыр жалпы республикалык тестирлөөгө катуу даярданып жатат. Англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Мектепте ырдап жүрөт, бирок мен чоң сахнага чыгууга уруксат бербедим. Азырынча билим алуу менен алек.
– Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйүп жатканы байкалат, көптү көргөн адам катары жаштарга кандай кеңешиңизди берет элеңиз?
– Ооба, ажырашуулар көп болуп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөр өз ара келише албай, бири-бирине тирешип өзүмчүлдүктүн торунан чыга албай жатса, кээ бирлер кайнене менен келиндин келишпестигинен, кээде күйөөлөрү милдетин аткаргысы келбей, бала-чакасын багуудан, жоопкерчиликтен качып жатышат. Эң башкы себеби жаштар улуунун айтканын укпай, өзүм билем болуп калганында. Жан дүйнөсү жарды, адеп-ахлактан алыстап бараткан адамдарды «адам болгула» деп ыйманга, боорукерликке чакырып кетет элем. Улуу адам катары айтарым, бардык кыйынчылыктарга карабай үй-бүлөнү сактап калууга аракеттениш керек. Ал үчүн ар дайым эки тараптуу түшүнүшүү, бирин-бири урматтоо, жок дегенде балдарга болгон мээримди жоготпоо зарыл.
– Социалдык тармактарда Сайкалды каралоо күч алды. Сиздин дарегиңизге да сындар жаап жатат. Интернеттин, андагы соцтармактардын жашообузга минтип тереңдеп кирип кеткенинин терс жагы көп экени көрүнүп жатабы?
– Социалдык тармактарда жазып жаткан кээ бир адамдардын жырткычка, айбанга айланып кеткенин көрдүм. Кызым Сайкал экөөбүз үчүн кызыл чеке болуп согушкан патриотторду көрдүм. Жалган, ыплас сөздөрдү жазып, ызырынган, сөгүнгөн бейбаштарды көрдүм. Жашоосундагы өксүк, тайкы тагдырларына, күйөөсүнөн ажырап нааразы болгондордун биз аркылуу өч алуусун көрдүм. Май-талкан чайнап бекер отуруп алып ушакты удургутуп, өчүп бараткан отко кайра май тамызып маашырланган кемпайларды көрдүм. 4 баласы менен күйөөсүнүн колдоосу жок калган Мээринин аянычтуу тагдырын көрдүм. Эдилге окшоп жоопкерчиликти сезбеген, адамдык, аталык милдеттерин жеткиликтүү түшүнбөй жаткан, жеңил жашоого качкан бүгүнкү шордуу эркектерди көрдүм. 320 кыздын карегине чаң жугузбай татыктуу тарбиялаган, элге ак кызматы менен таанылган, 40 жылдык тарыхы бар «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу-композитор, профессор Гүлшайыр Садыбакасованы тебелеп-тепсеген, жүрөгүнө бычак сайган, көңүлүн жаралаган эки буттуу айбандарды, Аракан, Мьянманын жырткычтарын көрдүм. Жашоодо оош-кыйышты, жарык-караңгыны көп көргөн адам катары бул оор күндөргө чыдадым. Элден айланайын, туура, калыс сөзүн айтып, нарктуулугун, адамдык сапатын жоготпогон жакшыларды көрдүм.
Эгерде ушул болгон окуяларда кызымдын күнөөсү болсо эң биринчи Кудайдан, андан соң кыргыз элимден кечирим сурайм! Ал эми кызымды каралаган тараптардын дооматтары туура эмес болсо аларды да Кудай кечирсин!
– Мээринин жакын курбусу ырчы Бегимай Бекбоева менен Сайкалдын ортосунда пикир келишпестик чыгыптыр.
– Буга чейин кызымдын Бегимай менен жеңил-желпи таарынычтары болсо керек, бирок ортолорунда чоң нааразычылык жок экен. Мен Мээринин маегин «Супер-Инфого» чыккандан 4 күндөн кийин билдим. Иштин чоо-жайын териштиргенче социалдык тармактар өзүнүн желесине тартып кетти. Бегимай мага чалып, экөөбүз бир саат сүйлөштүк. Ал сүйлөшүүлөрдөн соң Бегимай да, Сайкал да баракчаларындагы билдирүүлөрдү өчүрүштү. Бегимай айтты делген «оштуктарды оромпой тээп ойноймун, силер экинчи сортсуңар» деген билдирүү мага WhatsApp`ка келген болчу. Бирок бул жалган сөздү Бегимай Бекбоева айтпагандыгы ачыкталды.
– Социалдык тармактарда эки жаат болуп бөлүнүп урушуп жаткан эки тарапты элдештирүүгө аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып Сайкал менен Мээринин душмандары түрдүү баракчаларды ачып ыплас сөздөрдү жазып жатышат. Ошондой аккаунттарды жабууга аракет кылып жатабыз. Андан кийин кырдаалды жөнгө салып, жаштарды элдештирүү аракетин баштайбыз. Дүйнөлүк тарыхта ар кандай согуштар, түрдүү келишпестиктер эки тараптын сүйлөшүүсү аркылуу чечилген. Кудай буюрса, бул ызы-чууну да сүйлөшүүлөр аркылуу чечебиз.
– Маегиңизге рахмат, үйүңүздө да, көңүлүңүздө да тынчтык болушун тилейбиз.
Сайкал Садыбакасова
DELETED запись закреплена
15 000 рублей в подарок от нашего ресторана «Чайхана Фьюжн».
Друзья. Мы снова решили Вас обрадовать.
Специально для Вас.
Подарок-сертификат на 15 000 рублей.
— сделай репост этого баннера
— собери максимальное кол-во лайков;
Приз:
— 1-ое место приз-сертификат на посещение нашего ресторана на 15 000 рублей.
— 2-ое место приз-сертификат на 5 000 рублей
— 3-е место приз-сертификат на 3 000 рублей
01 ноября, на очередной нашей БУМ-ВЕЧЕРИНКЕ, произойдет грандиозное вручение сертификатов всех победителей.
Rahima Koksaeva запись закреплена
Сайкал Садыбакасова запись закреплена
Сайкал Садыбакасова запись закреплена
♪♫ ★ЕрЖаН СаЛиХоВ Official group♪♫ ★
Асылбек Исаков запись закреплена
Сайкал Садыбакасова обновила фотографию на странице:
Асылбек Исаков запись закреплена
Сайкал Садыбакасова запись закреплена
Сайкал Садыбакасова запись закреплена
Знаете ли вы о поиске людей по интересам? #livefacts@live
Несмотря на некоторые недостатки системы поиска людей ВКонтакте, она является самой функциональной и эффективной: ни одна другая социальная сеть не может похвастаться таким разнообразием параметров для нахождения конкретного человека или группы людей. Сегодня мы хотим рассказать вам об одной малозаметной, но очень полезной возможности в поиске.
Показать полностью.
Насколько вы, надеемся, знаете, почти вся введённая информация об интересах в профиле человека кликабельна. Нажав на любой пункт в графе «Интересы» на странице пользователя, вы откроете страницу со всеми людьми, также указавшими это в списке своих интересов. Но что, если вам нужно найти всех любителей игры на губной гармошке? Не вводить же это хобби в информацию своего профиля, чтобы перейти потом по ссылке к поиску. Для этого достаточно зайти в поиск людей, открыть меню «Дополнительно» внизу и снять галочку с поля «только в именах» — вот и всё. Теперь вы сможете ввести в поисковую строку что угодно и искать людей по интересам.
Как можно догадаться из названия чекбокса, данный параметр позволяет искать введённые вами слова не только среди имён и фамилий, но и в любом из подразделов «Личной информации» пользователей.
Стоит упомянуть и ещё об одной небольшой фиче, позволяющей обойти ограничение по поиску людей старше 80 или младше 14 лет. Выберите любой возраст в соответствующем параметре. Например, от 14 до 15. В адресной строке появится ссылка:
vk.соm/search?c%5Bage_from%5D=14&c%5Bage_to%5D=15…
Пробежавшись глазами по содержимому ссылки, можно найти цифры 14 и 15. Меняем их на 13 и 13, чтобы найти людей данного возраста, или 10 и 13, чтобы искать пользователей этого возрастного промежутка. Если же вам нужны люди старше 80, делаем аналогично: выставляем, например, от 72 до 75, находим эти цифры в адресе и заменяем на необходимые. Надеемся, нажать на кнопку Enter после редактирования адреса вы додумаетесь сами 😉
Сайкал садыбакасова биография год рождения
№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
“Кыз-Бурактын” учурдагы көз мончогу Сайкал сахнага чыгып көздөрүн жалжылдатып, бетиндеги уячасын чыгара күлгөндө жигиттер жер тепкилеп жиберишет го, чиркин! Анда сөз Сайкалда.
– Сайкал, кандайсың? Аябай кечигип келдиң, ишиң чачтан көп болуп жатат бейм?
– Жакшы. Базарда кездеме калбай калды окшойт. Көйнөк тиктирүү менен алек болуп жүрөбүз. “Таарынба” жана “Жаным, ай” деген ырларга клип тарттык.
– Жаш болсоң да “Кыз-Бурактын” жүгүн моюнуңа илип келе жатасың. Кээде тажап, өзүң курдуу кыздардай ээн-эркин баскың келеби?
– Башында кыйналган учурлар болду. Азыр баарына быша баштадым, уйкудан калып, ачка-ток жүргөнгө. Күндөп-түндөп жүрүп ар кандай сөздөрдү да угат экенсиң. Мисалы, кээде ырды кечинде жаздырып калабыз. Керектүү нерселерди алуу үчүн “Народный” дүкөнүнө кирип калсак, “Сайкал кыздарын салып алып, түндөп эле көчөлөп жүрө берет” деген сөздөрдү чыгарышат экен. Айтылып жүргөндөй, бизде тартип темирден бекем. Апам ашыкча бастырбайт. Ар бир саат сайын эмне кылып, кайсы жерде жүргөнүбүз боюнча “доклад” берип турабыз.
– Жалган “доклад” берип, кээде Гүлшайыр эжеге айтпай майрамдап койгон учурлар кантип эле болбосун?
– Ы-кы, андай учур боло элек. Апам “кыздарым, ичкиңер келсе, бирөөлөрдүн алдында эмес, менин маңдайымда ичкиле” деп, кээде майрамдарда шампан куюп берет. Ар бир жакшылыкта сөзсүз аш демдеп, шишкебек жасап, салаттын түрүн даярдап, шампан менен майрамдайбыз. Ашты бизден Аида жакшы басат. Мен салат жагын алам. Азалия дасторкон жайганга бөлүнөт.
– Эми сүйүү баракчаңды ачалы. Буга чейин бул баракчаңда бир да жигиттин аты атала элек, ошентсе да көпөлөк сүйүүлөр көп болгондур?
– Көпөлөк сүйүү көп эле кыздарда болот деп ойлойм. Менде деле болгон. Лекцияда отуруп бир жигиттин көз карашына арбалып, анан дагы бир жерден таанышып калган жигиттин дене мүчөсүнө тартылган учурлар дегендейчи. Сүйүү абдан керек. Мисалы, сүйүү тууралуу ырларымдын көбүнүн тарыхы бар. Анда тамашалуусунан баштасам. “Эстей жүр” деген ырымды жаздырып жатканда шоколадга «ашык» болгом. Ал кезде мага таттууга тыюу салынган эле. Ушунчалык шоколадга зарыгып турганымда алдыма куту толо шоколад коюп, “жеткире ырдасаң, мобу таттуунун баары сеники болот” дешкен. Ошондо шоколадды тиктеп туруп сонун ырдап салгам.
“Кой дебедиң” менен “Эстей жүр” деген ырым да бир жигитке арналган. Ал жигит мени таштап кеткен эмес. Болгону, сүйүүмдү билдире албай калгам. Лекцияда аны карап отурган учурларымды элестетип ырдагам. Буга чейинки менин ырларым жалаң эле жетпей калган сүйүүлөр жөнүндө экен. Эми жалаң “сүйүүгө жетем, бакытка балкыйм” деген ырларды жаратайын деп жатам. Эмнени ырдасаң, ошонун таасири тиет дешет.
– Жакшы. Сүйүүгө бышып-жетилип калган окшойсуң. Бүгүн сүйүп калсаң, эртең турмушка чыгып кетүүгө даярсыңбы?
– Электен жакшылап элеп өткөзүп, анан чыгам го. Апамдын мага кылган ушунча эмгегине кол шилтеп, мен каалаган эле бир балага турмушка чыгып кетпейм. Мени ала турган жигит менин алдыга койгон максаттарыма кол кабыш кылып, түшүнгөн адам болуш керек. Музыкант болсо, андан жакшы болот эле, ха-ха. Ал эми “качок-пачогун” чайга чылап ичмек белем.
Өткөндө 35 жылдык концертти көрүп, менин алдыга койгон пландарымдын баары өзгөрүлдү. “Кыз-Бурактын” мурдагы кыздары бир жагынан музыкалык аспапта ойноп, экинчи жагынан ырдап жатышты. Ал эми биз даяр музыкага эле микрофонду кармап ырдап салабыз. Чынында, аларды көрүп, өзүмдү ырчы деп эсептебей калдым. Азыркы жаштардын көбү эле ырчы эмес экенбиз. Ошол себептен азырынча жигиттер тууралуу ойду жыйыштырып, музыкалык аспаптарда ойноп, ырчы деген статуска татыктуу болууга аракет кылып жатам.
– Азамат, жакшы максаттарың бар экен. Кел, кайрадан сүйүү темасына кайрылып көрөлү. Сүйүп калсаң, “махабат башатын мен өзүм баштайын” деп өзүң биринчи сунуш киргизе алат белең?
– Анын эмнеси бар экен? Түз эле барып “сүйүп калдым” деп айта алам. Мурда тартынчаак болчумун, азыр чоңоюп калбадымбы.
– Мексиканын кээ бир жээктери атайылап күнгө жылаңач жатып кактанууга ылайыкташкан. Барып калсаң, күнгө жылаңач жатып кактанат белең?
– Жо-ок, эми ал мексикалыктар көнүп калышкан да. Эгерде ал жерде бир-эки кыргыз болуп калса, силердин гезиттин бетине чыгып калсам, ээ, ха-ха. Андай нерселерге этият болуу керек.
– Демек, папарацциге илинбейм дечи. “Сайкал аябай сарамжалдуу, арзанына качырат” деп укканым бар.
– Акчаны керектүү нерселерге гана коротконго аракет кылам. Жөн эле чача бербейм. Мурда арзан нерселерди көп алчумун, жылтыраса эле көзгө жакшы көрүнүп. Азыр, тескерисинче, канчалык кымбат болсо, сапаты жакшы болот дегенге өттүм. Мисалы, арзан нерсени эки күн кийип ыргыткандан көрө кымбатыраак алып, эки ай кийген жакшы да.
– Айына 1000 доллардын тегерегинде табарыңды айтып жүрөсүң. Акчаңды эмнеге коротосуң?
– Тапканымды апама карматам. Ал эми апам “кой, балам, керектүүңдү ал” деп кайра берип коёт. Айтайынбы, менин бир алсыз жайым бар. Ал – телефон. Мурда кесиптештеримден жаңы үлгүдөгү телефон көрсөм эле көзүм түшө берчү. Апама айтсам, “биринчи ырыңды жакшы ырда” деп урушуп койчу. Телефондун жаңы чыккан үлгүсүн кууп сатып алам. Акыркы үлгүдөгү телефон көтөрөм деп жүрүп кээде 2 айда 3-4 телефон алмаштырып жиберем.
– “Сырты момпосуй болгону менен, тили заар кыз. Топтогу кыздар бир нерсени туура эмес кылып коюшса, катуу урушат” дешет экен сени.
– Жок, анча деле тилим заар эмес. Эми болот. Кээде жиним мурдумдун учуна чыгып кеткенде бакырып салмайым бар. Бирок ал нерсем 2 мүнөттүк чагылгандай өтүп кетет да, кайра эле тамашалашып калам. Топтун кыздары эң ынтымактуубуз.
– Өзбек актёру Улугбек Кадыров («Фатима жана Зухра» тасмасында Шохрухтун ролунда) менен бир тасмага тартыларыңды айткан элең, бирок бул тасманы көрө элекпиз.
– Кыргыз-өзбек коогалаңы болуп кетпедиби. Анан жөн эле отурайын дедим.
– Көп жигиттер сени сексуалдуу айымдардын катарына кошушат. Бул нерсе сенин табигатыңданбы же аракет кыласыңбы?
– Сексуалдуу болууга атайылап деле аракет кылбайм. Менин бир нерсем бар, сахнага чыкканда эле ийиндерим сексуалдуу кыймылдай баштайт, анан бүт денем. Андан да ырга берилип кеткенде теше тиктемейим бар. Мына ушул кыймыл-аракетимден улам сексуалдуу көрүнсөм керек.
– «Кыз-Бурактын» жумуштары менен жүрүп үй жумуштарын унута элексиңби?
– Жок, кеч келсек да үй жыйнап, тамак жасоого аракет кылабыз. Апам кичине кезимде эле кир жуугуч машина турганына карабай кирди колго жуудурчу. Көрсө, мындай тарбия ар кандай шарттарга көнгөнгө үйрөтөт экен, айрыкча гастролдоп жүргөндө. Мынабу колдорум тандырга нан жапканды билет. Бир жолу уй сааганды да үйрөнүүгө аракет кылгам, бирок чакам менен кошо тээп жибергенден кийин коркуп калбадымбы.
Жакында эле топтогу Аидага тез арада көйнөк тиктириш керек болуп калды. Улам бир тигүүчүгө телефон чалып, такыр бошун таппай, эмне болсо ошол болсун деп өзүм тиктим. Сүйүнүп апама чалып, «менин дагы бир өнөрүм ачылды, мен көйнөк тиктим» десем, «сен ийне кармачу эмес элең го. » деп ишенбей жатып ишенди. Ал көйнөктү жакында Аиданын клибинен көрөсүңөр.
– Маегиңе рахмат, ийгилик!
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Сайкал садыбакасова биография год рождения
№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
Бир кезде «Кыз-Бурак» тобунун курамында Гүлмира Эргешова, Касиет Артыкова ырдап турганда топтун жылдызы бир жанган эле. Кийинки курамдагы ырчылар Кенже Дүйшеева, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова да эжелеринин ийгилигин кайталап, элге хит ырларды тартуулашты. Акыркы кезде топтун атактуулугу басаңдап бараткансыйт. Учурда бул топто ырчы Сайкал Садыбакасова директордун милдетинде. Маек төрүбүзгө келген ырчы топтун жаңылыктары, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеп салды.
– Сайкал, кечигип, боёнбой келгениңе караганда иштериң көп болуп жаткан го.
– Ооба, түнү менен фотосессия жасатып, клип тарттырып, такыр көз ирмебедим. Таңга маал араң бошодум. «Кыз-Бурак» тобунун курамы өзгөрүп, эскилерден Азалия экөөбүз калганбыз. Учурда жаңы курамдагы кыздарга ыр жаздырып, форма тиктирип жүрөм. Аны менен катар «Салам, Бишкек-2» тасмасына тартылып жатам.
– Топтун улам-улам жаңыланышына эмне себеп болууда?
– Көпчүлүк кыздар турмушка чыгып кетишүүдө. Айрымдарын тартибинин начардыгынан улам топтон чыгарууга аргасыз болдук. Мурда топто «25 жаштан кийин гана үй-бүлө курууга уруксат» деген мыйзам иштечү. Азыр ал мыйзам жокко чыгарылган. Эми топтогу кыздардын баары каалаган убагында турмушка чыга алышат.
Негизинен кыздар топто көпкө кармалса «Кыз-Буракка» гана ээ болбостон, апамдын ордун да талаша башташат экен. Мындай учурлар кездешип эле келе жатат. Ошон үчүн ушул жагын да эске алып жатабыз. Учурда топтун жаңы курамы түзүлүп, элге өнөрлөрүн тартуулоого киришти. Буюрса, кыздардын ырдаганына, бийлегенине, тарбиясына кылдаттык менен көңүл бурулат. Курамдагы кыздардын баары чыгармачылыкты сүйүшөт жана аракетчил. Чогуу иштешүүдө кыйынчылык жаратышпайт деп ойлойм.
– Жумуш-жумуш деп жүрүп жеке жашоону унутуп калган жоксуңбу?
– Кээде күлүп калам, жумушума эле турмушка чыгам го деп. Иштеп жүрүп деле жактыруу сезимине туш болуудамын. Кыскасы, жашоом кадимки жаш кыздардын жашоосундай эле. Турмушка чыгуу жаатында кеп кылсам, азырынча ага даяр эмесмин. Колумду сурагандар деле толтура. Мисалы, апамдын эки курбусу келин кылып алалы деп айламды кетиришүүдө. Апам деле каршы эмес дечи, бирок уулдары мен курактагылар. Менин кыялымдагы мырза болсо өзүмдөн беш-алты жаш улуу, токтоо, түшүнүктүү адам. Ошондуктан так секирип сунуштарын четке кагып жатамын.
Алгач кайненени, кайын журтту сыйлоону, келиндик кызматты кантип мыкты аткаруу керек экенин үйрөнүп, анан турмуш жолуна аттанам. Айрым жаштардай болуп сүйдүм деп тийип алып, бир жылдан кийин ажырашып кетким келбейт.
– Маектериңде жигитиң жок экенин айтып келесиң. Ушуга чейин кантип эле жигит жандабагансың?
– Жигит жандоо мага азырынча буюрбай жатат окшойт, оюмдун баары «Кыз-Бурак» болуп. Балким, өз убагында жылуу сезимдер мени да кучагына алар. Албетте, сүйүүгө ар бир адам жолуккусу келет, алардын катарында мен да.
– Мырзалар тарабынан, деги эле көпчүлүктөн келбетиңе карата кандай сынды көп угасың?
– Көбүнчө ууртумдагы уячам менен көзүмө суктанышат, комплименттерди да көп угам. Бир гана толуктугум эч кимге жакпай койду. Ырдап баштагандан бери диета кармап келем. Ачыгын айтсам, диета кармай берип тажап да бүттүм. Түшүнөм, шоу-бизнесте арык болсоң жакшы көрүнөсүң. Апам да ошондой талап коёт. Бирок эмне кылайын эми, ушундай жаралсам? Мурда мага карата терс сындарды окусам ойлонуп кыйнала берчүмүн. Азыр «өлүп кеткиле» деп коём.
КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП
– Энергетикалык суусундуктарга муктаж болдуң беле?
– Ооба, бир жолу түнү менен клип тартып, алым калбаганда ичкем. Жүрөгүм титиреп аябай жаман болгом. Ошондон бери жолой элекмин.
– Таанышууга ашыккан жигиттер жакпай калса кантип кутуласың?
– Ой, анын жолдору көп да. Көбүнчө тойлордо жигиттер артыбыздан ээрчип алышат. Алар кылжыңдай баштаганда эле дароо ордуна коём. Бирок урушпайм, сылык түрдө экинчи тийишпес кылып жөнөтөм.
– Жылдыз төлгөгө ишенесиңби?
– Анча ишене бербейм. Кээде гана Жаачыны эмне күтүп турганын билип коём. Таң калтырганы, дайыма туура чыгат.
– Дайыма тагынып жүргөн аксессуарың кайсы?
– Оң колумдун аты жогуна дайыма күмүш шакек тагып жүрөм. Себеби аны эң биринчи айлыгыма, 2700 сомго сатып алгам. Ушунчалык жакшы көрөм, бардык клиптеримде, сүрөттөрүмдө бар. Жадакалса киного тартылсам да чечпейм.
– Мода кууп кийинесиңби?
– Колумдан келишинче мода кууганга аракеттенем. Кээде кийимимдин таза, бүтүн экенине шүгүр этип калам.
– Аялзатындагы сулуулуктун эң алгачкы белгиси эмнеде?
– Албетте, тазалык, анан назиктик. Айтып коюшат эмеспи, «аялзаттын баары сулуу, болгону ошол нерсеге кам көрө билүү керек» деп. Сулуу болгонду каалагандын баары сулуу.
Сайкал садыбакасова биография год рождения
– Кандайсың, Сайкал? Келиндик доор кандай жүрүп жатат?
-Жакшы, рахмат. Келиндик доор бир башкача сезим менен коштолот экен. Ак жоолук салынып, көшөгөдө отурганда менде буга чейин болуп көрбөгөндөй толкундоо болду. Ар бир үйдүн тарбиясы, тартиби башка да. Жөнөкөй эле нерсени мисал кылайын. Тамак-аш ичкенден кийин бир үй-бүлө идиш-аякты жууп, көмкөрүп койсо, дагы бири ичин майлык менен кургатат дегендей. Мен барган жеримдин үй тартибин бат эле өздөштүрүп кеттим. Кайненем менен да бат тил табыштым. Экөөбүздүн сырткы келбетибиз гана эмес, ички дүйнөбүз дагы окшош экен. Бир сүйлөшкөндө 2-3 саат деле сүйлөшүп отура беребиз. Мени аябай жакшы көрөт. Ооруп калсам да өз баласындай карап, күйөт. Кыз бала жаңы турмушка чыкканда башында коркуп, «көнөмбү, тил табышамбы?» деген суроолор келбей койбойт экен. Менин мындай сезимдеримдин бат жок болушуна кайненем чоң салымын кошту.
Максат дагы чыгармачылыктагы адам болгондуктан, бири-бирибизди тааныганыбызга 10 жыл болуптур. Мен аны байкемдей көрчүмүн. Башында турмушка чыкканыма ишенбей жүрдүм.
– Кайын журтта канча жүрдүңөр?
-Айылда 2 ай жүрдүк. Андан көп убакыт деле жүрсөк болмок, бирок Максат экөөбүздүн алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Коноктор кеткенден кийин чара-чара идиштерди жууп жатсам «бул деле идиш жууганды билет экен» дегендей, ичтери жылып карап калып жатышты. Бир аз ооруп калганымды эске албаганда, мага айылдын жашоосу жакты.
Көшөгөдө отурсам келин көргөнү келгендин баары мени менен сүрөткө түшүштү. Кичинекей кыздар курчап отуруп алып, менден кадимкидей интервью алышты. Мен да бала кыялмын да, алардын суроолоруна жооп берип отурдум. Ал жактын салты боюнча жаш балдарга бет аарчы сыяктуу нерсени ырымдап таратып берет экен. Мен бул салтты ошондо биринчи уктум. Кайын сиңдилерим кайненемден «жеңем эмнеге бизге белек берген жок?» деп сурашыптыр. Аны мага Максат айтып жатпайбы. Ал да аны эстетип коём деп унутуп калыптыр. Кийинки келишимде бир КамАЗ бет аарчы алып келем деп сөз бердим. Ошентип бир КамАЗ бет аарчы карыз болуп келдим.
– Апаңды, үйүңдү сагындыңбы?
-Ооба, апам менен күнүгө телефондон 1-2 жолу сүйлөшүп жаттым. Апам дагы мага көнүп калган да. Телефон чалып «ии, эмне кылып жатасың?» деп калат. Мен тамашалап «мага иш дайындап көнүп калгансыз да, ээ, жоктоп жатасызбы?» дейм. Апам кайраттуу адам, канчалык сагынса да билгизбейт. Бирок жолукканда көздөрүнөн мени жоктоп жатканы билинип турду. Айылдан Ошко келгенден кийин апам мен жакшы көргөн жер-жемиш, шишкебек, кийимдериме чейин берип жиберет. «Апа, жөн эле коюңуз, үйдө баары бар» десем болбойт.
– Турмушка чыккан соң жашоого көз караш да өзгөрө түшсө керек.
-Бойдок кезде ыр жаздырыш керек, хит жаздырыш керек, клип тартыш керек деп ойлонсом, азыр үй-бүлөмдү ойлоп, токтоо болуп калдым. Бир нерсе кыларда ойлонуп иш кылчу адамга айландым. Апам жалгыз бой 2 баланы тарбиялап чоңойтту. Турмуштун ысык-суугун жакшы түшүнөт. Ошондуктан «кызым, жаныңда жолдошуң болгон жакшы. Кайын журтту, күйөөңдү сыйла. Көп балалуу бол» деп кулагыма куюп келген. Ошол нерсе кыз баланын аң-сезимине кадимкидей таасир берет экен. Учурунда «апа, андай сөздөрдү кийин айтасыз» деп уккум келчү эмес. Апамдын сөздөрүн азыр түшүнүп отурам.
– Жолдошуң Максат Самара Каримованы «биздин бир үй-бүлө болушубузга себепчи болгон адам» деди, ал окуя кандайча болду эле?
-Асан өкүл атамды кичинемден тааныйм. Үй-бүлөлүк катышыбыз жакшы болгондуктан, биздин үйгө көп келчү. Самара өкүл апам менден бир жаш улуу, бирок анын мага караганда турмуштук тажрыйбасы чоң. Жашоосунда көп нерсени көрдү, кыскасы, турмушка бышкан айым. Өкүл апамдын чынында Максат экөөбүздүн бир үй-бүлө болушубузга тиешеси бар. Максат экөөбүздү оюн-чындан жабыштырып «силер сонун түгөй болосуңар, бири-бириңерге жарашып турасыңар» деп кулагыбызды «бышыра» берди. Акыры биз бир үй-бүлө, ал өкүл эне болду.
– Азыр Бишкекте экенсиңер, биротоло келдиңерби?
-Быйыл «Кыз-Бурактын» 40 жылдык юбилейи. Азыркы жаңы курам топтун 17-курамы. 40 жылдык юбилейге туш болгон бактылуу кыздар экен. Топко жаңы ырларды жаздырып, клип тарталы деп атайын Бишкекке келдик. Мен Ошто жүргөндө кыздар бул жакта өз алдынча вокалдан сабак алып, бийлеп машыгышат. Учурда 2-клипти тарттырып жатабыз. Кыздардын үндөрү аябай жакшы, биздин учурда үнүбүз бири-бирибиздикине окшош эле, булардыкы андай эмес. Кыздардын жаштары 16нын тегерегинде болгондуктан, 5 жылдык келишимди ата-энелери менен түздүк. Азыр бир жылыбыз аяктады. Курам келишим аяктагыча жаңыланбаш үчүн апам жаңы пункттарды киргизди.
«КЫЗ-БУРАКТЫН» ЖАҢЫ КУРАМЫ
АЙЖАМАЛ АБДЫКЕРИМОВА, 2001-жылы Кара-Балтада туулган.
– Менин үнүм элдик ырларга ылайыктуу. Кастингге келген 400 кыздын ичинен тандап алышкан. Ата-энелерибиз менен 5 жылга келишим түзүлдү, анан иштей баштадык. Мен үчүн топко кошулуу оор болду. Үйдүн эрке кызымын да, Сайкал эже катуураак сүйлөсө башында көзүмө жаш айланып кетчү. Азыр көнүп калдым.
АЙДАНА НУРЛАНОВА, 2002-жылы Бишкекте туулган.
– Мен дагы «Жылдыз менен караокеде ырдоо» долбооруна катышып, ал жактан Сайкал эже топко чакырды. Буга чейин деле ыр жаздырууга катышчумун, бирок маанисин жакшы түшүнчү эмес экенмин. Биз азыр кыздар күнүгө ырдайбыз. Андан сырткары атайын хореограф менен иштеп, бий үйрөнөбүз. Азыр топ «Кыз-Бурактын» борбордогу Кызыл-Аскер районундагы үйүндө жашайбыз.
АЗИЗА ЭДИЛ КЫЗЫ, 1999-жылы Токтогулда жарыкка келген.
– Кичинекей кезимде «Кыз-Бурак» тобунун ырларын жакшы көрүп, мурунку курамдагы эжелердин ырлары менен чоңойдум. Алардай болуп ырдасам деп кыялданчумун. Мектепти аяктагандан кийин «Кыз-Бурак» тобуна кыздар тандалып жатат» дегенди угуп, кастингге келип, өтүп кеттим. Кесиптеш гана эмес, бир тууган да болуп калдык. Бирибиз сүйүнсөк баарыбыз сүйүнүп, бирибиз кайгырсак баарыбыз кайгырабыз. Үйгө барганда кайра эле кыздарга келгим келип сагына берем.
САЛИМА АБДЫКАЛЫКОВА, 2001-жылы Кара-Балтада туулган.
– Кичинемден эле ырдаганды жактырып, мектепте ырдап келдим. Айжан Газиеванын музыкалык мектебиндеги долбоордо Сайкал Садыбакасова менен чогуу бир тайпада болуп, ошол жерден Сайкал эже топко чакырды. Апам башка мамлекетте бир жылдан бери иштейт, ага айтсам, аябай сүйүндү. «Кыз-Буракка» келгени мен 100 пайызга өзгөрдүм. Сайкал эже туура ырдоону, өзүн сахнада кандай алып жүрүү керектигин үйрөттү.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.