расул маматкулов биография год рождения

Расул маматкулов биография год рождения

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

расул маматкулов биография год рожденияМаматкуловдордун үй-бүлөсү дайыма талкуу чордонунда. Үй салгандан кызын узатканына чейин эл оозунда кызыгуу жаратып келет. Бүгүн Расул Маматкулов менен жубайы үй-бүлөлүк сыры менен бөлүштү.

– Анан келип эле өзүңүз саткан үйдө жашап калдыңыздар?

– Катя эже, ырчы күйөө баласын ата-энеңиз кандай кабыл алышты?

– Расул мырза, бир аз сыркоолоп жубайыңызга эркелеп жаткан экенсиз.

Р.: – Москвага тойго барып келдим эле, ал жакта суукка урунуп калыптырмын. Менин кийимим, чыгармачылыгым, «каприздеримдин» бүт баары ушунун моюнунда. Ыр жазсам биринчи угуучум да жубайым, Катя ырда десе ырдайм, «жакшы болбой калыптыр, ырдабай эле кой» десе ырдабайм. Тактап айтканда, мен жана балдарым – Катянын жумушу. Бир үйдө 4 ырчыбыз, ар бирибиздин мүнөзүбүз ар башка. Бирибиз «мындай кийим кием » десек, экинчибиз » андай тамак жебейм» дешибиз мүмкүн. Бизге чыдаган келинчегиме рахмат. Ырчы болобу, жөнөкөй эркек болобу, анын артында күчтүү тыл турбаса, ал ийгиликке жетиши өтө кыйын. Анын үстүнө чыгармачыл адамдардын жашоосу түйшүктүү болот эмеспи.
К.: – Мен өзү табиятымдан жаны тынбаган аялмын. Кандай маселе болбосун аралашып кете берем. Мага жардам бере турган балдарым да атасына кошулуп ырчы болуп кетишти. Алардын кийим-кечеси, азык-түлүгү, кандай маселеси болбосун бүт өзүм чуркайм. Зерикпей кийим сатып келип кийгизип көрүп, жакпаса кайра барып алмаштырып келем. Расулдун мага жаккан мүнөзү, майдачыл эмес. Канча акча тапса, ошол боюнча алып келип менин колума карматат. Кийин ал акчаны «эмнеге короттуң, эмнеге бул эмеректи алдың?» деп такыр кийлигишпейт. Мага өтө ишенет, мен сатып берген кийимди же буюмду бир да жолу жакпады же жарашпады деп айта элек.

– Ооба, Катя эженин тыңдыгы көрүнүп турат, а Расул мырза үйдө кандай кожоюн болду экен?

К.: – Негизи чыгармачыл адамга турмушка чыгарда ойлонуш керек. Анткени булар кара жумушка жок калк болушат. Мен бир эле нерсе айтып берейин, өзүңөр жыйынтык чыгарып алгыла (каткырып). Бир күнү үйдө лампочка күйүп кетип, «алмаштырып берчи» деп сурангам. Жакшы эле бурап алмаштырып жаткан, мен ашканада жүрсөм ушундай бир коркунучтуу үн чыкты. Чуркап келсем бопбоз болуп турат. «Эмне болду?» десем » жаман тартты да» дейт. Көрсө, ток тартып кетиптир. Ошондон кийин ток кармабас болду. Азыр ток маселеси да менин моюнумда. Оозун ачкан аял алса билбейм эмне болмок.
Р.: – Анда көрсө, палас суу экен да, суунун үстүндө туруп алмаштыра бериптирмин. Андайда ток жаман тартат экен. Катя, сен электрик же куруучуга турмушка чыккан жоксуң да. Сен деген артистке турмушка чыккансың, ошондуктан мага күлбөй, мени шылдыңдабай жүр.

– Расул мырза, эр ортону элүү жашка келип калыптырсыз, бул курактын сүйүүсү кандай болот экен?

Р.: – Бул куракта бири-бириңсиз жашай албай калат экенсиң. Үйгө келсем жубайым жок болсо, киргим келбей машинада отура берем же телефон чалып «каяктасың?» деп жанына жетип барам. Картайсаң деле жүрөк жаш болот экен, телефондорубузга да бири-бирибизди «жаным» деп сактап койгонбуз. Негизи чыгармачыл адамдар башкалардан айырмаланып өтө романтик болобуз. Ар кандай сюрприздерди жасап азыркыга чейин жубайымдын көңүлүн алганга аракет кылам. Катя ооруп калса маанайым бузулат. Айтор, бири-бирибизге аябай байланып калдык.
К.: – Расул жокто томсоруп эле калам. Ал жанымда жүрсө өзүмдү ханышадай сезем. Мурун бир жакка барсам балдарыма таттуу көтөрүп келчү элем. Азыр Расул жакшы көргөн тамакты ташыганды адат кылып алдым. Жаңы эле Расулга ашлян-фу ала келгем. Балдарым «бул үйдө сиздин сүйгөнүңүздөн башка киши жокпу, бизге деле ала келбейт белеңиз» деп шылдыңдап жатышпайбы. Жолдошумдун тамагын эле эмес, чыгармачылыгын да ойлоно берем. Акыркы кезде бош убактысында бильярд ойноп калган. Кудай жалгап кайра чыгармачылыгына кайтып, жаңы ырларды жаздырып, 50 жылдык юбилейлик концертине даярданып жатканы мени кубантууда.

Источник

Расул маматкулов биография год рождения

№828 14-20-cентябрь, 2018-жыл

расул маматкулов биография год рожденияОт болуп күйүп, чачын сеңселте ырдап, аркасынан анын балдары да ырдап келе жаткан музыкант агабыз бар. Айтпасам деле ким экенин билгендирсиз. Эмесе, Расул Маматкулов биздин маек төрдө.

– Расул байке, 17-сентябрь туулган күнүңүз жакындап калыптыр, кандай өткөрөйүн деп жатасыз?

– Туулган күн өздүк майрам эмеспи. Мен 50 жылдыгымды толук дата болгон үчүн белгилегем. Эми кайра тоголок датага келмейинче белгилебей деле койсо болот. Азырынча план деле жок, көрөбүз го.

– Бильярд ойногон жайдан кезиктик, бул сиз үчүн хоббиби?

– Мен үчүн жакшы спорттун түрү. Сыртка чыгып ушунча чакырым баспайбыз да, муну айланып шарды кууп жүрүп канча чакырым басканыңды билбей каласың. Мээ да иштейт, дене да талыкшыбай машыгат. Бильярд боюнча кубок, медалдарым бар, анын үстүнө достор менен кезигип сүйлөшүп туруу үчүн да жакшы шылтоо (күлүп).

– “От болдум, күйүп болдум” деген ырыңыз жагат мага. От болуп жүрүп чыгарсаңыз керек.

– 1980-1990-жылдарда бийлегенге жалаң эле башка улуттардын ырын пайдаланышчу. Кыргызча ырга бийлешчү эмес. Мен бардык улут бийлей турган ыр чыгаргым келди. Биринчи кайырмасы жаралып, кийин куплеттерин жазгам. Көл жээгинде жазылган. Сөзүн ыраматылык Манас Бердибеков экөөбүз жазганбыз. Клипти студияда эле тартканбыз. Анда жаш жигит элем, башыма лента байлап алсам деле жарашып калчу (күлүп). Азыр ошентип чыксам эл “Расулдун тамы жылып кеткенби?” десе керек. Клипти Мыктыбек Арстанбек тарткан.

– Ырдаганыңыз Ибрагим Жунусовго окшоштой туюлат, убагында таасирленүү болгонбу?

– Ибрагим Жунусов популярдуу болуп турган учурда “ Расул, бул жерде эки той бар, өзүң келип бер” деп жардамга мени чакырчу эле. Анткени ансамбль менен кеминде төрт саат ырдоо ар бир ырчынын колунан келе бербейт. Репертуары да жетпейт. Ал кезде фонограмма деген дээрлик жок. Өзбектин тоюна деле, кыргыздын тоюна деле ырдай берчүбүз. Бул таасирленүү деле эмес, түштүктөн болгонубуз үчүн болсо керек. Мен негизи шаарда өстүм. Мен таасирленген адамдар Муслим Магомаев, Юрий Антонов болчу. Кыргыздардан биринчи болуп мен орусча ырдап чыксам керек. Телекөрсөтүүгө да биринчи орусча “Мир на земле” деген ырым менен чыккам. Фестивалга да ошол ыр менен барып биринчиликти алып келгем. Кейигеним, ошол кезден эч бир жаздыруу жок. Ибрагим Жунусовго келсек, ал адам устатым болгон.

расул маматкулов биография год рождения– Эсимде, сиз ырдап жатканда жаныңызда кичине кыз бийлеп жүрчү эле, кийин билсем кызыңыз Айгерим экен, бул кимдин идеясы болгон?

– Ата-кыз болуп чыкканыбызды эл аябай жакшы кабыл алчу. Тим эле сахнадан кетирбей кечке кол чаап турушчу. “Мерседес”, “Жанарым” деген ырларыма бийлечү. Кийимин апасы тиктирип берген. Ал идеядан эмес, Айгеримдин сахнага чыгам деген умтулуусунан улам болгон. Анткени мен ага ырдаганга уруксат берген эмесмин. 3-4 жашында эле “ата, мен ырдайм” дечү. Мен “ырдабайсың” дейм. Анткени
15 жашка чыкканга чейин ырдатпайм деп катуу кармадым. Өткөөл курактан кийин ырдатам дечүмүн. Анткени үнүн бузуп алуусу мүмкүн эле. Үнү сопрано болсо, кээ бириники сопрано боюнча калат же меццо-сопрано болуп өзгөрүлүп кетет. Өзүнчө ырдап жүрчү, бирок эл алдына
15 жашында чыкты. “15 жашыңда каалаган ырыңды ырдатам, кызым” дегем. Гастролдо жанымда бийлеп чоңойду. Негизи наристе балдардын эл алдына чыгышын анча деле каалабайм. Бирок талант деген түрткүлөп турган нерсе экен да. Азыр кичүү кызым да сахнага чыгам деп жүрөт, көңүлү үчүн ырдатымыш болуп койдум, бирок башка кесиптин ээси болушун каалайт элем.

– Кыздарыңыз тууралуу айтканда үнүңүздө өзгөчө жылуулук сезилип турду.

– Кыз бала атага жакын болот экен. Уул бала, тескерисинче, энесине жакын болот окшойт. Мен, мисалы, апама жакын болчумун. “Ырчы болом” деп апама айткам. Ал дагы башка балдарынан мени бир аз жакшыраак көрөт беле деп ойлойм. Бир туугандарыма караганда мага көбүрөөк көңүл бурганы билинип турчу, чоңоюп калганда мода кууп кийинип калабыз го, ошондой учурда апам такыр жок дебей айтканымды алып берип кийиндирчү. “Ырчы болом” деп айтарым менен апам макул болду. Анткени өзү аябай жакшы ырдайт эле. Үнү укмуш болчу. Атамды деле жакшы көрчүмүн, бирок апамдын уулу болчумун.

– Сөздү уулуңуз Русланга бурсак, ырдап жүргөнү менен, шоу-бизнеске көп аралаша элек. Мүмкүнчүлүгү, даяр аты бар эмеспи?

– Уулум ырдап жүрөт. Атасынын баласы болуп канча жүрөт эле, өз жолун табышы керек. Азыр Орусияда чыгармачылык чөйрөдө жүрөт. Бир аз эрке, ошентсе да өз жолун тапканга аракет кылып жатат. Жакында жанына барам.

– Руслан Орусиянын ТНТ каналындагы долбоорго катышканда толкундандыңызбы?

– Аны мен билген да жокмун. Катышып жатканын айткан эмес, айтса учуп барып репертуарын өзүм камдап бермекмин. Бирок айткан эмес. Негизи анда баары жакшы, үнү мыкты, диапазону да кенен. Кам санабайм деле. Ырчы болгонго жараша эл сүйгөн ырчы болуш керек. Ошого даярданып жатат окшойт. Башка чөйрө да өз таасирин берет деп ойлойм.

– Күйөө бала жакшы болсо өз баладан артык дешет го, күйөө бала, небереңизден кеп салсаңыз.

– Эми күйөө бала менен сый мамиле. Качан барсам “ата” деп сыйлап турат. Неберем болсо өнөрү чыгып калган кези. Таята болгон зор да (күлүп). Үстүмө минип, бийлейт, ырдайт, ар нерсени кыла берет.

– “Сенсиз мага дүйнө караңгы” деген ырыңызды жубайыңызга арнадым дедиңиз эле. “Быша элек алча” кимге арналды болду экен? “Аялым бар, кыздарым бар, уулум бар” деп тиги кыздан аябай кечирим сурайсыз го.

– Ырда баары айтылып эле турбайбы (күлүп). Эми ал бир эле менин жашоомдо эмес, ар бир эркектин башына келген нерсе го.

– Сизден дагы эле “от болгон” ырларды күтөбүз, маегиңизге рахмат.

Источник

Расул маматкулов биография год рождения

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

расул маматкулов биография год рожденияКезинде «Мен бийге чакырсамбы?», «От болдум», «Жамиля» деген ырлары менен популярдуу болгон ырчы Расул Маматкуловду ким билбейт. Узун чачынан улам «кыргыздын Жиммиси» деген атка конгон ырчы убагында далай кыздарды сүйдүргөн. Өзү акыркы жылдары сахнадан анчейин көрүнбөсө да, кызына, уулуна ыр жазып берип, татыктуу орун басарларды тарбиялап жаткан ырчынын атактуулукка карай баскан жолу кандай башталган? Чогуу иликтеп көрөлү.

«КОРЕЙЛЕРДИН ПИЯЗЫН ОТОП, ГИТАРА САТЫП АЛГАМ»
– Мен окуучу куракта Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаковдор катуу чыгып жаткан кез эле. Аны менен катар индия кинолору мода болуп, андагы ырларды жаттап кыңылдап калчумун. Ал кезде магнитофон деген жок, бардык ырларды радиодон укчубуз. Менин музыкага болгон кызыгуум күчтүү болгон окшойт, талаада корейлердин пиязын отоп иштеп, 3-4 күндүк акыма гитара сатып алгам. Ошол учурдагы көпчүлүк ырчылар чыгармачылыгын аккордеон менен баштаса, мен гитара менен баштадым. Аны өзүм эле 7-классымда гитара черткен балдарды көрүп жүрүп үйрөнүп алдым. Коомдук жумуш деп бизди пахта тергени таалага чыгарчу. Талаадан ким биринчи келип гитарага колу тийсе, ошол кечке чертер эле.Мындан сырткары орустардын ырчысы Юрий Антонов, «Машина времени» деген топтун солисттерин туурап ырдайт элек. Мен гитара черткенде классташ кыздарым мени тегеректеп муюп угуп отурушчу.

«МАИ КЫЗМАТКЕРИ БОЛБОЙ, ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛУП КЕТТИМ»
– Атам 25 жыл айдоочу болуп иштеген. Жолдон МАИ кызматкерлери тосо берип атам коркуп калганбы, айтор, «сен МАИчи болосуң» дей берчү. Бишкекке досум менен келип Автожол техникумуна тапшырып өтүп кеткенбиз. Бирок окууга каалоом болбой, айылга кетип калдым, досум да мени ээрчип баса берди. Бир жолу гезиттен Опера жана балет театрынын алдындагы студияга абитуриенттер алынып жаткандыгы тууралуу жарыяны окуп калдым. Ал убакта музыкалык ансамблде иштеп жаттым эле, топтогу музыканттар «жок дегенде ошол студияны бүтүрүп кел, сени көркөм жетекчи кылып алабыз» дешкен. Тапшырып, бир жыл окуп, кийин азыркы Кыргыз улуттук консерваториясына которулуп кеттим. Консерваторияда деле билимимди опера классында уланттым.
Студент кезимде эстрада мени көп алаксытып койду, турмуш шартка байланыштуу ресторанда музыкант болуп иштеп жүрдүм. Күндүзү опера классында окусам, кечинде ресторанда ырдачумун. Мага мыкты устат болгон агайым профессор Токтоналы Сейталиевдин угуу жөндөмү укмуш эле, ырдаганымда «түндө дагы эстрадада ырдадыңбы?» деп билип койчу. Өткөндө үйүмдү куруп бүтүргөндө агайымды чайга чакырсам, «балам, сен Опера жана балет театрын куруп алыпсың го» деп тамашалады. Азыркы Опера жана балет театрында иштеген алдыңкы солисттер менин курсташтарым. Мен опера ырчысы болбой, эстраданы тандаганыма кейибейм.

«ПОПУЛЯРДУУЛУК 2000-ЖЫЛДАРЫ КЕЛДИ»
– 1992-жылы ыраматылык композитор Тарас Асанакунов «Мен бийге чакырсамбы?» деген ырды жазып берип, ушул чыгарма менен ысымым эл оозуна алынды. Бирок мага чыныгы популярдуулук 1999-жылы «Ош азем түндөрү» сынагында Гран-прини жеңип алгандан кийин келди деп эсептейм. Ушул сынактан кийин бир дүң болдум.
Сынакка катышып калганымдын да кызыктуу тарыхы бар. Жубайым Катянын кичи мекени Куршабда жүргөн элек. Экөөбүз сыналгыдан сынактын жарыясын угуп калдык. Жеңүүчүгө Волга 3110 үлгүсүндөгү унаа беришет экен. Анан жеңеңер «катышпайсыңбы, ушул Волганы утуп алсаң Жалпак-Ташка айдап барып келебиз, ээ?» дейт. Жалпак-Таштын жолдору аябай жаман да, мен жеңеңерди «сен жакшы машинанын жаман жолго айдайм дейсиң» деп тамашалап жыргаганыбыз эсимде.
Сынакка катышам деп келсем, Гүлшайыр Садыбакасова «сени коноктордун тизмесине кошуп койдук, белекке сыналгы беребиз» дейт. «Эже, мага сыналгынын кереги жок, мобу машинаны айдап кетем, катышуучулардын тизмесине кошуңуз» дедим. Ошентип сынакта жеңүүчү аталып, машинамды айдап кеткем.

«ФОНОГРАММАСЫЗ ЫРДОО ДЕМИЛГЕСИН МЕН КӨТӨРГӨМ»
– 1998-жылы фонограммасыз ырдоо демилгесин алгач мен көтөргөм. Чынында гастролго аябай көп чыкчумун, 6-7 саат тынбай жандуу ырдай берет элем. Менин деңгээлимдеги ырчылар чыгып фонограмма менен, а мен жандуу ырдайм, бирок элдин кабыл алуусу бирдей эле деп кой. Анан бир акылдуу киши «үнүң сенин акча таба турган, үй-бүлө бага турган куралың, кичине аясаңчы» деген кеңешин айткан эле, ошондон кийин ойлонуп калдым.
Өзүмдү улуу композитормун дебейм. Жөн эле мүмкүнчүлүгүмө жараша элдин маанайына ылайык ырларды жазып коём. Ырларым тойлордо көп ырдалат, бийлегенге ыңгайлуу, жаттаганга оңой дегендей. Чыгармаларымды сүйүп уккан күйөрмандарым бар, ошон үчүн 20 жылдан ашуун чыгармачылыкта жүрсөм керек. Кафелерде көп иштеп жүрүп кардарларыбыз өзбек, уйгур, айтор, чет элдик ырларга көп бийлешерин билчүмүн. Бир күнү арданып эмнеге кыргызча ырга бийлегенге болбосун деп, «От болдум» деген ырымды чыгаргам. Ойлогондой эле бардык улут бийлей турган ыр болду. Ал эми «Мерседес» деген ырымды «кыргыз кыздарын темирге теңеди» деп сындап жүрүшөт. Бул ырдын сөзүн Манас Бердибеков жазган, ошондо ыраматылык көзү ачыктык кылып «эл кандай түшүнөт?» деди эле. «Мерседес» деген деле татынакай кыздын аты болгон, ошол кыздан кыргыздын кыздары кем эмес деген мааниде эле жазылган болчу.

«БОЛОТ МИҢЖЫЛКЫЕВ ЧАЧЫМДЫ КӨРҮП КҮЛӨ БЕРЧҮ»
– Жаш кезде италиялык ырчы Тото Кутуньонун ырларын кууп укчу элек. Ошонун чач жасалгасын туурап жаш жигиттер жарашса да, жарашпаса да чачты узун кылып өстүрүү мода болуп кеткен. Мен да модадан калбай чачымды өстүргөм. Маркум Болот Миңжылкыев бизден экзамен алып калганда студенттердин баары коркчу, кабагы такыр жазылбаган киши эле. Бирок мени эмнегедир жакшы көрчү, чачымды сеңселтип аудиторияга кирип келсем «ну, итальянец, ну что делаешь, аа?» деп күлүп калчу.
Ыраматылык Калый Молдобасанов да опера классынан сабак берип калды, укмуш тартипти бекем кармайт эле. Берген партияларын жаттабай келсең, нота жазылган барактарды ыргытып жиберет, артынан өзүм кошо аудиториядан учуп чыкчумун. Бир жолу аскердик комиссариаттан текшерүүдөн өтүп калдык. Карасам эле жанагы мода кууп чачын өстүргөн балдардын баары чачы жок таз болуп чыгып жатышат. Мен чуркап барып эжейиме «эртең концертим бар эле, концерттен кийин алдырсам болобу?» десем, макул болду. Ошентип баары таз чыккан аскер комиссариатынан мен узун чачымды сактап калгам. Азыр достор менен бильярд ойноп жеңилип калганда «чачыңды алып салайынбы?» дей беришет. Мен «чачымды аскер комиссариаты ала албай койгон, сен өмүрү ала албайсың» деп тамашалап калам.

АШКАНАДА.
– Тамакты келиштире жасайм. Айгерим «тамакты сиз жасаңызчы» деп суранганда жасап берем. Анан кызым «эмнеге сиз жасаган тамак бат эле түгөнөт, атайын аз жасайсыз, ээ?» дейт. Мен «даамдуу тамак жегиликтүү болот, апаң тамак жасаса биз тоёбуз, кошуналар тоёт, кошунанын иттери тоёт» десем күлөт. Бир күнү жеңеңер аябай катуу кылып нан жасаптыр. «Бул нанбы?» десем, «ооба, бышкан нан» дейт. «Сеники курал болуп калыптыр, бул нан менен башка бир чапсаң адам өлүп калат» десем кийин нан жасабай койду.

Катя Маматкулова, жубайы:«ДҮЙНӨ КАРАҢГЫ» ДЕГЕН ЫРЫН МАГА АРНАГАН»
расул маматкулов биография год рождения– Расул ырларын эч ким жокто, жанына көк чайды коюп алып жалгыз калганда жазат. Кокусунан түнү ойгонуп калсам, «уктай бер, сага арнап ыр жазып жатам» деп коёт. Кимге арнап жатканын Кудай билет, өзүм деле такып сурай бербейм. Бирок «Дүйнө караңгы» деген ырын мага арнаган. Экөөбүз 25 жыл жашап биринчи жолу түшүнбөстүктөр болгон кез. Расул бильярдды көп ойнойт, бир күнү үйгө конок келмек, ал болсо бильярд ойногону кеткен. Балдарым менен түнү бою Расулга алмак-салмак чалып такыр алдыра албай койдук. Таң атканда кызуу болуп келип машинасынын ачкычын ыргытып уктап калды. Ошондо таарынып балдарымды алып, муздаткычка тамак-ашын даярдап, баарыбыз телефондорубузду өчүрүп, эч кимге эч нерсе айтпай Ысык-Көлгө кетип калганбыз. Бизди аябай издептир, кошуналардан, досторунан сурап барыптыр. Анан кошуналар «келбесеңер болбойт, Расул жаман болуп жатат» дешти. Ошондо үйдө отуруп «Дүйнө караңгы» деген ырын жазган экен. 4-күн дегенде Айгерим «ата, биз Ысык-Көлдөбүз» деп сатып коюптур. Түн бир оокумда жетип келип, баарыбызды кучактап ыйлаганы эсимде.
Үй-бүлөдө ишеним болбосо, туруктуулук болбойт. Мен өзүмдү эч качан Расулдан бийик койгон эмесмин, биздин үй-бүлө анын мыйзамы менен жашайт.Негизи эле уулу да, кызы да атасынын айтканынан чыгышпайт. Расул келип калса кичүү кызым чуркап дарбазаны ачып, келип чай коюп тыпылдап турат.

Токтоналы Сейталиев, СССРдин Эл артисти, агайы: «ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛУУГА МЫКТЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ БАР ЭЛЕ»
– Расул атына заты жарашкан жигит. Атактуу опера ырчысы болууга мыкты мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Качан эстрадага өтүп кеткенин мен деле байкабай калдым, билсем жибербейт болчумун. Жаш кезинде чач десе чач, каш десе кашы, өң-келбети келишкен зыңкыйган жигит эле.
Адамгерчилик сапаты өтө бийик, мүнөзү жумшак, эч кимдин көңүлүн оорутпайт. Үнүндө да мүнөзүнө окшош жумшак, назик тембр бар. Студенттердин арасынан айырмаланып турчу, жакшы окуйт эле. Ошондо эле бул баладан бир мандем чыгарын туйчумун. Бирок азыр деле өзүнчө кадыр-баркка, сый-урматка ээ. Жакында таята болгону турат. Менимче, консерваторияда алган билими чыгармачылыкта чоң пайдасын тийгизди.

Мадан Кашкынчиев, классташы: «РАСУЛ МЕНЕН ЧАЛГЫНГА ЧОГУУ ЧЫКСА БОЛОТ»
расул маматкулов биография год рождения– Расул экөөбүз 1988-жылдан бери достук катышыбызды үзбөй келебиз. Бул жылдарда экөөбүз ысык-суукту,жакшылык-жамандыкты чогуу басып өттүк. Ал ишенимдүү дос, чалгынга чогуу чыкса болот. Эсимде, биз 7-8-класста окусак керек эле. Балдар менен тыйын чогултуп «Эскимос» деген балмуздак жейбиз дедик. Ал балмуздак 11 тыйын болчу, 7 бала 33 тыйын чогулттук. Асфальт жолдо балдар менен баратсак чоң класста окуган орус бала велосипед тээп баратыптыр. Расулдун колунда рогаткасы бар болчу, ошону менен асфальтка атса, жолдогу ташка тийип, ал таш барып орус баланын далысына тийди. Эми бул орус бизди өлтүрөт дегиче болбой эле Расул рогаткасын жанындагы бир балабызга кармата салып жатпайбы. Тиги орус бала келип рогатка кармаган баланы жаактан ары бир чапты. Анан бир бүтүн балмуздакты жаакка жеген балага берип жубатканбыз. Ал эми эки балмуздакты алтообуз бөлүп жедик. Тиги таяк да жеди, бүтүн балмуздак да жеди. Классташтар чогулганда ушул окуяны көп эстейбиз.

Источник

Расул маматкулов биография год рождения

№546 19-25-апрель, 2013-ж

расул маматкулов биография год рождения

«Ош-Бишкек жолунда,
Айдаганым Мерседес.
Жанымдагы чүрөгүм,
Мерседестен кем эмес. »
Сөз төркүнү Расул Маматкулов тарапта экенин дароо билсеңиз керек. Анткени жогорудагы ыр менен ырчыбыздын таскагы катуу кеткен эле.

– Телефон чалсам жубайыңыз алып, «ал эртең менен саат жетиде уктайт, тура элек» деп жатты. Түнү менен эмне иш кыласыз?
– Эргүү түндө келет экен, ошондуктан түнү менен студияда ыр жазам. Мурун өзүмө эле жазчумун, азыр кызыма жана уулума да даярдайм.

– Акыркы убакта Айгеримди эле чыгарып, өзүңүз сахнанын артында калып калгандайсыз?
– Жок, андай эмес. Менин деле жаңы ырларым толтура, бирок элге жайылтуу үчүн аракет кылбай жүрөт окшойм. Жаңы ырларымды уксаңар, мени сүйүп каласыңар.

– Клип тартуу планыңызда барбы?
– Азыр телеканалдар көбөйүп кетти. Клип тартып алып азган-тозгондун баары чыгып жатышат. Жүз ыр жазсаң, анын бирөө же экөө эле элге алынып кетет. Ырың жакшы болсо, ага клиптин деле кереги жок. Илгери бизди бактын түбүнө тургузуп, гүл карматып койчу эмес беле, азыр жакшы ырыңа ошондой клип тартсаң деле эл көрөт. Мен клипке көп кызыкпайм. Андан көрө балдарыма жакшы ыр жазып берейин деп турам. Баса, аларды сахнага абдан чоң талап менен чыгарам. «Эт менен челдин ортосунда жүрө бербей, ырдайм десеңер баш-отуңар менен киргиле. Эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин ар түрдүү сөз болот. Ошондуктан жакшы кийинип, түз басып-тургула» дейм.

– Айгеримди улуттук кийим менен деле көрөбүз, ошол эле учурда кыска, ачык да кийинип жүрөт. Кийимине кийлигишпейсизби?
– Телевизордон купальникчен, керек болсо жылаңач кыздарды деле көрөм. Аларга караганда менин кызым татынакай эле кийинип турат. Кызымдын кийингени мага абдан жагат. Өзүнүн табити бар. Кичине эле кыска кийип койсо, кеп кылып жатып калышат. Ошондон улам Айгерим эл арасында кызыгуу жаратат деп эсептейм. Менин кийингеним да кызыма жагат. «Ата, сиз кычырап жүрүшүңүз керек. 1-орунда болушуңуз керек» деп турат.

– Уулуңуз Русландын да ырдап чыга баштаганын көрдүк.
– Уулум да таланттуу. Ырдап чыга баштаганына 3 ай болду. Азыр Кыргыз драма театрынын алдындагы 4 жылдык студияда актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып жатат. Сахна адамы болом дегендер анын ысык-суугун, өйдө-ылдыйын, оң-солун жон териси менен сезиши керек деп ойлойм.

– Чачын өстүрүп жүрөт экен. Ошондон улам сизге окшошкусу келгенин байкадым.
– Русландын чачынан кийингенине чейин апасы, Айгерим, кичинекей карындашы Аяна, кыскасы, үч кыз карайт.

– Уулуңуз кичинесинен эле ырдайбы?
– Жок, мен кичинекей балдардын ырдашын туура көрбөйм. Анткени адамдын организми өспүрүм курактан өтүп калыптанат. Руслан кичинесинде бир аз ырдап, анан чыкпай калган. Айгерим болсо 15 жашынан тарта ырдады. Руслан менен Айгеримге караганда кичүүм Аяна кыйын чыгат го дейм. Анткени кичинесинен эле ыр-бийге жакын. Жашы 7де экенине карабай өтө эле өз алдынча. Дегеним, өзүнүн аракети менен эле окуганды, жазганды үйрөнүп, чет тилдерди өздөштүрүп жатат.

– Үй-бүлөнү жубайыңыз башкарса керек.
– Сизге ушул тууралуу бир анекдот айтып берейинби? Бир грузинге дал ушундай суроо берилет. Анда ал «майда-чүйдөнүн баарын жеңең чечет. А мен олуттууларын карайм, бирок чоң деле эч нерсе боло элек» дептир. Анын сыңары, чоң маселе болбой жатса, мен эмне кылайын?

– Жубайыңыз үй-бүлөңүздүн продюсери, кесиби чыгармачылыкка жакынбы?
– Сахнада жылдыз болуп катуу чыгып жатканымда афишаларды, костюмдарды, программаны караш керек болду. Жалгыз көп нерсеге жетишчү эмесмин. Анан келинчегим жардамдашып жүрүп эле өздөштүрүп кетти. Кесиби – кийим тигүү боюнча технолог.

– Кандайча таанышып, үйлөнүп калдыңар эле?
– Бир жолку кадимки ашар концертке курбусу менен келиптир. Экөө менден кол тамга алып, куттукташкан. Узатып коёюн дегениме болбой таксиге түшүп кетти. Мен башка такси менен артынан кууп жеткем. Ошондон тарта жакын болуп кеттик. Катяга үйлөнгөнүмө ыраазымын. Мен бирди алып келсем, ал эки кылат.

– Сахна өкүлдөрүнүн арасында атаандаштык арбын дешет. Сиз дагы ушундай нерселерге туш болгонсузбу?
– Оо, ал кезде абдан ынтымактуу элек. Ошол муун азыр деле ынтымактуубуз. Бек, Айчүрөк, Динара, Алина, Мерген болуп үй-бүлөлүк катыштабыз. Бул адамдар өз мээнети менен атак-даңк жасап, оокат кылып келе жаткандар. Биздин убакта бут тосуу деген болгон эмес.

– Чачыңызды кыскартып көрдүңүз беле?
– Мен узун чач менен 16 жашымдан бери келе жатам. Анда мектепте окучумун. Албетте, окуучуларга узун чач коюуга уруксат берилбейт эле. Ырдап чыгып калган үчүнбү, мугалимдер мага унчугушчу эмес. Көк-Жаңгактагы кыргыз мектебинде окучумун. Башка окуучулар жайкы каникулда эс алганы пионер лагерлерине кетишсе, мен чачымды кыскартып алып чөп чаап, кыш куюп иштеп акча таап алчумун.

– Бизнес жагы кандай болуп жатат?
– Кафебиз өз орду менен иштеп жатат. Ишенимдүү адамдарга берип койгонбуз. Кыскасы, акча жагы дурус. Байлыктын түбүнө жеткен адамды көрө элекмин. Канчалык байыбайлы, акча-акча жана акча дей берет экенбиз да адам баласы.

– «Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат» деген сөз бар. «Сүйүүгө кабылдым» деп интервью беришиңиз мүмкүнбү?
– Адам баласында ал нерсеге кепилдик жок. Турмуш дөңгөлөгү ары-бери тоголонуп кетет. Бирөөнү сүйүп калуу деген болбосо керек, бирок мени сүйүп калышы мүмкүн. Мен азыр деле сулуумун.

– Жигиттер толуп кеткенде чыгып калган курсагын тамашалап «авторитет» деп коюшат. «Авторитеттүү» болбош үчүн аракет көрөсүзбү?
– Бир жолу Гүлнара Тойгонбаева өтө арыктап кетиптир. Кантип арыктаганын сурасам, «дарыканага барасың да, лейкопластырь алып, тамак ичкиң келгенде оозуңду чаптап сал» деп тамашалаганы эсимде. Анын сыңары, өтө толуп кетпейин деп кекиртегимди бир аз тыйып турам.

Источник

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *